15-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

15-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай маалымат Кыргызгидрометтен алынды.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Ал эми Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>