2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 300 миллиард сомдон ашты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын IV кварталы үчүн накталай акча жүгүртүүнүн абалы жөнүндө отчет берди. Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 300 млрд 778,3 млн сомду түздү.
Бул сумманын 36,1 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында болсо, негизги массасы — 264,6 млрд сому — банк тутумунан тышкары жүгүртүүдө болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу калктын жана бизнестин колундагы накталай акчанын көлөмү 51,8 млрд сомго көбөйүп, 24,4%дык өсүштү көрсөттү.
Отчеттук кварталда банк секторунда кассалык операциялардын жогорку активдүүлүгү катталды. Банктардын кассаларына накталай акчанын келип түшүүсү 1,68 трлн сомду (2024-жылдын IV кварталына карата 18,7%га өсүү), ал эми берүү көлөмү 1,69 трлн сомду (19,1%га өсүү) түздү.