Интернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыПеруда Zoomer революциясы: миңдеген жаштар көчөгө чыгып, кагылышуулар болдуАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болдуБишкекте май куюучу жайларда күйүүчү майга чектөө киргизилип жатканы айтылуудаБаткенде бодо малды өлкөдөн чыгарууга аракет кылгандар кармалды
Шаардык сот Равшан Жээнбековду абакта калтырды
04.06.2020 | 11:15
Кой-Таш окуясы боюнча шектүү катары кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагындагы баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журанлисттерге кабарлады.
Бишкек шаардык соту саясатчыны “үй камагына чыгарууга негиз жок” деп, 18-июлга чейин камакта болуу чечимин күчүндө калтырган.
Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда “Барымтага алуу” “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу” беренелеринин негизинде айыптуу деп камакка алынган.
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат