Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
64 жаштагы карыя 35 жаштагы айылдашын атып салды
25.10.2021 | 15:07
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 20 метр аралыктан айылдашын атып салган карыя 2 айга камакка алынды. Бул туурасында “Турмуш” жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя 2021-жылдын 20-августунда саат 12:15 чамасында айылдыктар беде өстүргөн талаада болгон. Кызыл-Туу айыл аймагынын Жашасын айылынын 64 жаштагы тургуну 25 жаштагы тургунун атып салам деп коркуткан. Андан көп өтпөй кош ооз мылтыкты алып чыккан ак сакал 35 жаштагы жигитке 20 метр аралыктан ок чыгарган. Ал алган жараатынан улам көз жумган.
Шектүү жергиликтүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом