Кыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көп

17.11.2026 | 15:17
В Кыргызстане собрали 2,3 млн тонн зерна – на 27,8% больше, чем годом ранее — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 2026-жылдын 23-октябрына карата 2,3 млн тонна дан (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүчтү жана гречканы кошпогондо) бастырылды. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 27,8% көп. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети келтирет.

Дан эгиндери 614,6 миң гектар аянттан жыйналды – былтыркыдан 2% көп. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 29,8 центнерден 37,3 центнерге чейин көбөйдү.

Буудай менен арпанын түшүмү эң көп өстү:

  • 747,1 миң тонна буудай бастырылды – 44,9% көп, түшүмдүүлүк былтыркы 20,9 центнерге каршы гектарынан 30,2 центнерди түздү;
  • арпа – 689 миң тонна, 45,3% көп, түшүмдүүлүк – гектарынан 27 центнер, былтыр 19,3 болгон;
  • дан үчүн 854 миң тонна жүгөрү жыйналды, 6,5% көп.

Башка өсүмдүктөрдүн түшүмү да көбөйдү:

  • 383,2 миң тонна кант кызылчасы казылды – 7,5% көп;
  • картошка – 1 млн 209,9 миң тонна, 4,5% көп;
  • 399,7 миң тонна жемиш-жидек жыйналды, 2,9% көп;
  • бакча өсүмдүктөрү – 298,5 миң тонна, 2,1% көп;
  • буурчак өсүмдүктөрү – 80,2 миң тонна, 4,3% көп;
  • күрүч – 59,1 миң тонна, 2,4% көп;
  • майлуу өсүмдүктөр – 17,9 миң тонна, 8,2% көп.

Жашылчанын түшүмү 5,5%га азайып, 1 млн 193,9 миң тоннага, пахтаныкы 30,1%га азайып, 16,1 миң тоннага түштү. Улутстатком муну бул өсүмдүктөрдүн аянтынын кыскарышы менен байланыштырат. Башка өсүмдүктөрдүн түшүмүнүн өсүшүн ведомство вегетация мезгилиндеги ыңгайлуу аба ырайы менен түшүндүрөт.

Scroll to Top