Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулашты

13.11.2026 | 17:30
Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук банктары төлөм системаларын талкуулашты — Новости Кыргызстана

Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Зиёратшо Гуломзода жетектеген делегация 9-10-ноябрда Кыргызстанга жумушчу сапар менен келип, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар банк секторун өнүктүрүүнү, банктык көзөмөлдү жана төлөм системаларын көзөмөлдөөнү, санариптик финансылык технологияларды киргизүүнү, ошондой эле төлөм системаларын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууну талкуулашты.

Улуттук төлөм инфраструктурасын модернизациялоо, накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, жаңы төлөм чечимдери, киберкоопсуздук жана финансы секторунун технологиялык коркунучтарга туруктуулугу өзүнчө каралды.

Делегация ошондой эле «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын иши менен, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм системасын, бирдиктүү ELQR QR-кодун жана Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты.

Борбордук банктардын өкүлдөрү финансы секторун жөнгө салуу жана финансылык кызматтарды санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашып, мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Теги: Нацбанк
Scroll to Top