Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралууда

19.11.2026 | 11:49
В Оше могут открыть кампус испанского вуза Universidad Europea del Atlántico — Новости Кыргызстана

Ош шаарында Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин филиалын ачуу жана кампус куруу каралууда. Бул маселе Ош мэриясында аталган окуу жайдын өкүлдөрү менен жолугушууда талкууланган.

Мэрия маалымдагандай, жолугушууда университеттин өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү өтүнүшкөн.

Мэрия бул демилгени колдой турганын маалымдап, жер тилкелеринин варианттарын сунуштоого даяр экенин билдирди. Долбоорду ишке ашыруу шаарга инвестиция тартууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Ош шаарынын, ошондой эле коңшу аймактардын жаштары үчүн жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.

Маалыматка ылайык, аталган университет Кыргызстанда кампус ачуу үчүн Ош, Бишкек шаарларын жана Ысык-Көл аймагын караштырууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди баштоо ниетин билдиришкен.

Scroll to Top