АУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек

Кыргызстан, бүтүндөй Борбордук Азия аймагы сыяктуу эле, эл аралык оюнчулар, капитал жана жаңы командалар үчүн тартылуу борборуна айланып жатат. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын (АУРВА) төрагасы Темир Казыбай Бишкекте Asia Innovation Forum 2026 форумунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, инвесторлор өлкөдө мүмкүнчүлүктөрдү, технологияларга ачыктыкты, мыйзамдарды жана санариптик инфраструктураны көрүшөт. Ошол эле учурда виртуалдык активдер рыногунун жана финансы секторунун өсүшү туруктуу болушу үчүн бизнес менен мамлекеттин ортосунда дайыма диалог керек.
Казыбай уюштуруучулар жөн гана конференция эмес, салттуу финансы сектору, криптоиндустрия жана мамлекет ортосундагы диалог аянтчасын түзүүнү каалашканын айтты. Ассоциация форумдун эки күнүндө үч натыйжага жетүүнү көздөйт:
- криптодолбоорлор жана стартаптар өнөктөштөрдү жана, балким, инвесторлорду табышы;
- рыноктун катышуучулары жана мамлекет иштөө эрежелерин кантип түшүнүктүү, ачык жана тең салмактуу кылууну талкуулашы;
- катышуучулар мыкты чет элдик тажрыйбаны жана аны Кыргызстанда кантип колдонууга болорун үйрөнүшү.
«Ар кандай күчтүү рынок диалогдун негизинде гана курулат, бул диалог бүгүн жана ушул жерден башталат», – деди Казыбай.
Asia Innovation Forum 2026 Бишкекте 18-19-ноябрда өтүүдө. Ал виртуалдык активдерге, финансылык технологияларга, жасалма интеллектке жана блокчейнге арналган. Форумга мамлекеттик органдардын, рынокту жөнгө салуучулардын өкүлдөрү, виртуалдык активдер рыногунун катышуучулары жана эл аралык компаниялар катышууда.