«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алды

13.11.2026 | 10:24
«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алды — Новости Кыргызстана

Каныбек Калматов «Бриллиант көпөлөк» («Бриллиантовая бабочка») Евразия киносыйлыгында «Мыкты режиссёр» аталып, баасы 250 миң доллар турган бриллиант алды. Бул сыйлык ага Чыңгыз Айтматов тууралуу тарткан өмүр баяндык драмасы үчүн тапшырылды. Мындан тышкары, Калматов бриллианттар менен кооздолгон статуэткага да ээ болду.

Сыйлыкты советтик жана орусиялык актер, кино жана театр режиссеру Никита Михалков негиздеген. Сыйлык тапшыруу аземи Москвада өттү. Башкы байге — салмагы 10 карат, баасы 1 миллион доллар болгон бриллиант — мыкты тасма үчүн ыйгарылат.

Быйыл аны орусиялык «Август» тасмасы жеңип алды.

Белгилей кетсек, быйыл сыйлыкка 19 өлкөдөн 41 тасма ат салышкан. Негизги номинациялардын жеңүүчүлөрүнө статуэткалардан тышкары, салмагы 5 карат жана баасы 250 миң долларды түзгөн якут бриллианттары тапшырылат.

Scroll to Top