Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Жалал-Абадда 28 жаштагы кыз ашканада асынып алды
29.09.2021 | 09:15
Жалал-Абад шаарында өз үйүнө асынып алган 28 жаштагы кыздын окуясы боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда аталган шаардын Спутник кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Базар-Коргон районунун тургуну А.А. өзүнүн үйүнүн ашканасында газдын түтүкчөсүнө шарф менен асынып турган абалда табылган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кыздын денесине алгачкы кароо жүргүзгөндө күч колдонулган белгилер аныкталган эмес. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом