Нарын шаарынын мэри кызматтан кетет

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетет

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков «Фейсбуктагы» өзүнүн баракчасына ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын 28-сентябрда жарыялады.

“Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, 3 ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм” деди.

Болотбеков “Жогорку Кеңештин экс-депутаты Руслан Чойбековдон 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп  18-сентябрда шектүү катары камакка алынган. 20-сентябрда Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулган.

Ал Нарын шаарынын  мэри болуп быйыл июнь айында дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>