Жалал-Абадда 7 килограммдан ашуун гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милициянын ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө «А» аттуу жаран баңгизатты (гашиш) сатуу менен алектенет деген маалымат алынган.
«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облуктук милициясы менен бирге — “көзөмөлдөп сатып алуу” аталышында рейд жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 417 грамм салмактагы гашиш баңгикаражатты төрт жолудан ашуун сатып алынган. Натыйжада анын өздүгү аныкталып, ал Тогуз-Торо районунун К.Т. аттуу тургуну болгон.
Кайрадан жүргүзүлгөн операция учурунда Сузак районунда «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаада алты килограммдан ашуун баңгикаражатты сатуу учурунда шектүү жаран кармалган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 6 кг 940 гр салмактагы гашиш баңгикаражаты болгондугу аныкталган. Буга чейин сатылып алынган зат менен бирге жалпы салмагы 7 кг 357 гр түздү.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда»,- деп айтылат маалыматта.