Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ирина Карамушкина: Саясий куугунтукту токтотуп, Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандарды бошотууга чакырам
03.10.2019 | 11:07
Бүгүн, 3-сентябрда парламентте жалпы жыйын өтүп жатат. Жыйында депутат Ирина Карамушкина 7-августта Кой-Ташта окуянын келип чыгышына себепчи жана чабуул жасоону ойлоп тапкандар отставкага кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтты
«Башаламандыкты, саясий куугунтукту токтотуп, Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандарды бошотууга чакырам. Атамбаевдин тегерегинде жүргөн бардык адамдарга кысым болуп, сурак бербеген эч ким калган жок. Мына «Медиа форум» камакка алынды. Аскер прокуратурасы «Апрель» телеканалынын журналисттерин киргизбей жатат. Алар өздөрүнүн буюмдарын ала албай жатышат», – дейт Карамушкина.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат