Кыргызстандан унаа катализаторлорун ташып чыгууга алты айга тыюу салындыОштун мэринин эки орун басары кызматтан кеттиКМШ БУУда адам укуктарын саясатташтырууга каршы чыктыУКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирдиОшко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болду
Эртең Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат
11.10.2021 | 10:11
Эртең, 12 -октябрда борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкексууканалдын” өндүрүштүк -эксплуатациялоо бөлүмүнөн билдиришкендей, 12 -октябрда саат 9: 00дөн 21: 00гө чейин шаардын айрым аймактарында ичүүчү суу болбойт. Бул “Гагарина”, “Юго-Западный” суу алуучу жайларында, шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Төмөнкү көчөлөрдө суу токтотулат: Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой, Садырбаев, Космический, Рабочий Городок, Айыл чарба институту, “Ак Өргө”, “Ак Ордо” турак жай райондору (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк бөлүгү) , Теңир Тоо (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом