Урмамбетов милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин текшерди

Урмамбетов милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин текшерди

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен таанышып, милиция кызматкерлеринин өз убагында милдеттерин аткарууларын, жарандардын кайрылууларын ар тараптуу кароолорун текшерди. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Урмамбетов Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын, убактылуу кармоочу жайлардын шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.

Андан сырткары жетекчилерге ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди. Башкы тапшырмалардын бири Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо даярдыгы эсептелерин айтты.

«Өздүк курам менен жолугушуу учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине өздүк курамды окутуу жана күжүрмөн даярдыкты жакшырту, андан сырткары кызмат өтөөлөрү үчүн шарттарды түзүү, тарбия иштерин уюштуруу боюнча милдеттерин эскертти. Ошондой эле, Октябрь Урмамбетов кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так аткарууну, ыкчам-кызматтык, тергөө иштерин жана кылмыштарды алдын алууну күчөтүү керектигин талап кылды»,- деп айтылат маалыматта.

Урмамбетовдун бүгүнкү иш сапары Чоң-Алай, Алай районунун аймагында улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>