Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чүй: Өрт бир кишинин өмүрүн жалмады
11.10.2021 | 09:46
10-октябрь күнү саат 23:35 чамасында Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылынын Водоемный көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, андан бир киши каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жерине өрт өчүрүү кызматынын бир бөлүмү тартылып, саат 23:47 өрт болгон жерге жетип, саат 00:05 өрт чектөөгө алынган. Түнкү бирде толук өчүрүлгөн.
Жалпы аянты 40 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.
Өрт кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болгон, учурда аты жөнү такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом