Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Стамбул аэропортунда жоголуп кеткен кыргызстандык кыз табылды
04.10.2019 | 18:07
Стамбул аэропортунда жоголуп кетти делген Айчүрөк Данияр кызы табылды. Бул тууралуу Репортерге анын туугандары кабарлады.
“Бизге Тышкы иштер министрлигинен азыр айтышты. Айчүрөк Стамбул аэропортунан табылыптыр. Башка маалымат айтышкан жок”- деди туугандары.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы да Айчүрөк Данияр кызы табылганын ырастап, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Белгилей кетсек Айчүрөк 1-октябрь күнү Германиядан Кыргызстанга Түкия аркылуу келатып, Стамбул аэропортунан жоголуп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом