Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Нарын дарыясынын жээгинде табылган сөөктүн өздүгү такталды
17.10.2021 | 12:19
Нарын дарыясынын жээгинде табылган сөөктүн өздүгү такталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиргенин “СЕРЕП МЕДИА” жазды.
«Жансыз денени аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жакын туугандары чакыртылып, ал Нарын районунун 1982-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Маркум 2021-жылдын 30-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Маркум үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу»,— деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ӨКМ 13-октябрь күнү саат 18:50дө Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом