Бишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болдуКыргызстандын банктары тогуз айда 470 миллиард сомдук насыя бердиМирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалдыЧүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалыштыМСК төрагасы Шыкмаматов Казакстандын элчиси Скаков менен жолуктуҮч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктады
Нарын дарыясынын жээгинде табылган сөөктүн өздүгү такталды
17.10.2021 | 12:19
Нарын дарыясынын жээгинде табылган сөөктүн өздүгү такталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиргенин “СЕРЕП МЕДИА” жазды.
«Жансыз денени аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жакын туугандары чакыртылып, ал Нарын районунун 1982-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Маркум 2021-жылдын 30-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп, изделип жаткан. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Маркум үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу»,— деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ӨКМ 13-октябрь күнү саат 18:50дө Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом