Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
Жети-Өгүз районунда 105 млн сомго жаңы мектеп курулат
25.10.2021 | 17:50
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясы Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылындагы мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Социалдык объекттин курулушуна 104 млн 646,6 миң сом сарптоо пландалууда. Мектеп 275 окуучуга ылайыкташтырылган жана өзүнүн спорттук залы болот.
Белгилей кетсек, курулуштун качан аягына чыгары так белгиленген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика