Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Мексикалык блогердин Кыргызстан жөнүндөгү видеосу дүйнөнү кызыктырууда
25.10.2021 | 17:46
Мексикалык блогер Луизито Комуника YouTube каналына Кыргызстан жөнүндө тарткан видеосу 3 күндүн ичинде 3 миллионго чукул киши көргөн. Видеону 22-октябрь күнү жүктөгөн.
Ал кыскача репортажын Кыргызстанга келип тарткан. Акча, желек, эл, дин жөнүндө айтып, кыргыз элинин башкалар менен салыштырып да көрсөткөн. Улуттук оюндар, тарыхый эстеликтер, ресторандар туурасында да кеп козгогон. 15 мүнөттүк видеого ушуларды айтып берүүгө жетишкен.
Көрөрмандар болсо Кыргызстанды “кызыктуу жана кооз өлкө экен” деп тамшанып жатышат. Испан тилинде түшүнгөн күйөрмандар үчүн жакшы пикирлерди жаратууда.
Ал Instagram баракчасына калпак кийип түшкөн сүрөттөрүн жарыялаганын да көрсөк болот.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар