12-ноябрда таңкы саат 07:38де Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титиреди. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Билдирүүдө, жер силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Төш, Арал, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 балл, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар бөюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.