Чүй: 10 дарбаза уурдаган кылмыштуу топ колго түштү

Чүй: 10 дарбаза уурдаган кылмыштуу топ колго түштү

Аламүдүн районунун Арашан айылынын жашоочусу үйүнүн темир дарбазасын 1-ноябрь күнү белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция тарабынан ыкчам издөө жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн автоунаа аныкталып, жыйынтыгында  27 жаштагы Т.Н., 20 жаштагы  С.А. жана 17 жаштагы П.Б. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>