Бишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалдыӨткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталдыЖапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификацияладыКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдөБишкекте эл аралык «Art-Ordo — 2025» театр фестивалы башталды
Ысык-Көл: Аялын уктатып коюп, 50 жаштагы киши атынып өлдү
18.11.2021 | 14:35
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 50 жаштагы эркек киши атынып өлдү. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-ноябрга караган түнү саат 00:55 чамасында Жети-Өгүз райондук милициясына өзүн-өзү атып алуу фактысы катталганын айтып “Тез жардам” кызматы кайрылган. Жерине кызматкерлер барганда 1971-жылы туулган айыл тургуну өзүн-өзү атып алганы аныкталган. Анда ал өзүнө катталган курал менен эгине такап туруп атынганы белгилүү болгон.
Окуя катталган жерден курал алынып экспертизага жөнөтүлгөн. Аялынын айтымында алар укташкандан кийин, күйөөсү башка бөлмөгө кирип атынганын айткан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом