Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
Ысык-Көл: Аялын уктатып коюп, 50 жаштагы киши атынып өлдү
18.11.2021 | 14:35
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 50 жаштагы эркек киши атынып өлдү. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-ноябрга караган түнү саат 00:55 чамасында Жети-Өгүз райондук милициясына өзүн-өзү атып алуу фактысы катталганын айтып “Тез жардам” кызматы кайрылган. Жерине кызматкерлер барганда 1971-жылы туулган айыл тургуну өзүн-өзү атып алганы аныкталган. Анда ал өзүнө катталган курал менен эгине такап туруп атынганы белгилүү болгон.
Окуя катталган жерден курал алынып экспертизага жөнөтүлгөн. Аялынын айтымында алар укташкандан кийин, күйөөсү башка бөлмөгө кирип атынганын айткан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом