Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бишкекте эл аралык «Art-Ordo — 2025» театр фестивалы башталды
20.10.2025 | 11:11

Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Х эл аралык «Art-Ordo — 2025» театр фестивалы башталды. Иш-чара 20–25-октябрь күндөрү өтүп, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналат.
Маданият министрлиги маалымдагандай, фестивалга 10 театр катышып, спектаклдер төрт театр аянтчасында көрсөтүлөт: Улуттук академиялык драма театры, Улуттук орус драма театры, жаш көрүүчүлөр театры жана Чүй облустук музыкалык драма театры.
Көргөзмөлөр күнүнө эки жолу — саат 11:00дө жана 19:00дө өтөт. Кирүү акысыз.