Кыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталдыЖКда жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталдыТүп районунда мектептин оңдоп-түзөө иштери каржылоонун жоктугунан токтоп калдыАгартуу министрлиги: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча мектеп директоруна «катуу сөгүш» берилди
Нуржан Шайлдабекова: 16 өлкөдө шайлоого добуш берүү жүрүүдө
28.11.2021 | 10:55
16 өлкөдө шайлоо добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдө Түштүк Сахалинде биринчилерден болуп шайлоо участкасы ачылды.
“Түштүк Сахалинде Бишкек убактысы менен саат 03:00дө шайлоо участогу ачылды. Учурда 16 өлкөдө добушкана ачылып, иштеп жатат. Ал эми шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн”, – деди Шайлдабекова.
Белгилей кетсек, жаңы мыйзамга ылайык, аралаш система боюнча 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат