Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Бишкек: Атайын мөөр басылган беткапчан шайлоочулар пайда болду
28.11.2021 | 12:40
Бишкекте №1117 шайлоо тилкесинин байкоочулары атайын мөөр басылган бет каптар менен келип добуш берүүдө. Бул боюнча депутаттыкка талапкер Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов бул фактыны карап чыгаарын убада кылды.
Өткөн шайлоодо жыртык беткапчандар шайлоого катышып, коомчулуктун нааразылыгын туудурган.
Эгерде сиздерде шайлоо мыйзамдарын бузуулар катталса Whatsapp, телеграм 0555164015 каналдарына сөзсүз маалымдаңыз. Таза шайлоого сиз да салым кошуңуз…
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат