Догоев: Участкалардагы жабдыктар штаттык режимде иштөөдө

Догоев: Участкалардагы жабдыктар штаттык режимде иштөөдө

Эртең менен шайлоо тилкелери ачылганда бир нече техникалык кемчиликтер жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Санариптик өнүктүрүү министи Дастан Догоев брифингде билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, шайлоо учаскаларындагы идентификация системасы жана жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат.

Шайлоо тилкелери ачылганда бир нече техникалык кемчиликтер жаралды. Бирок алардын баары тез арада чечилди. Республика боюнча 700 IT- адис иштеп жатат”, — деди Догоев.

Айта кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 28-ноябрда, жетинчи чакырылыштары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Тагыраагы, Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышып жатса, 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөшүп жатат.

Эгерде сиздерде шайлоо мыйзамдарын бузуулар катталса Whatsapp, телеграм 0555164015  каналдарына сөзсүз маалымдаңыз. Таза шайлоого сиз да салым кошуңуз…

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>