«Добуштарды эсептөөнүн электрондук системасы алгач партия үчүн берилген добуштар менен талапкерлердин добушун бириктирет», — деп Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова брифингде мындайча түшүндүрдү.
Анын айтымында, шайлоо участкаларынан алынган бардык маалыматтар борбордук серверге контактсыз режимде жөнөтүлүп, автоматтык түрдө веб-сайтта жарыяланат.
«Ката эмне экенин дароо түшүнүп, оңдодук. Система мүчүлүштүктөрсүз иштеди, сырттан кийлигишүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды», — деди төрайым.