«Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте суракка алынды. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөлөрү билдирди.
Ахматбек Келдибеков УКМКда беш саат болгон.
Белгилей кетсек, комитеттин имаратынын жанында турган Келдибековдун тарапташтары дагы кетишти.
Ахматбек Келдибеков буга чейин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына БШКнын серверинин иштөөсү боюнча кандай иштээрин айтып берген.