Ташиев Келдибековду эмнеге чакырганын айтып берди

Ташиев Келдибековду эмнеге чакырганын айтып берди

Биз Ахматбек Келдибековду чакырып алып, БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай боло тургандыгын, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге айтып берди.

«БШКнын сервериндеги иш боюнча коомчулукта айтылып жатат. Бирок анын бюллетендердин санына таасири тийбегенин айтып эле жатабыз. Ага карабастан, Ахматбек Келдибеков бул схеманы туура эмес деп такыр жок схеманы коомчулукка таратып жатканы боюнча чара көрүп жатабыз. Себеби, туура эмес маалымат. Эч качан БШК маалыматтык сервери Акхматбек Келдибеков айткандай иштебейт. Ал өздөрүнө ылайыкташтырып, коомчулукка жалган маалыматтарды таратып жатат. Ошол себептен, биз аны чакырып БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай боло тургандыгын, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз«, — деди Ташиев.

“Азаттык” партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылган. Ал буга чейин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына БШКнын серверинин иштөөсү боюнча кандай иштээрин айтып берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>