Текебаевге кол салган кишини айткан депутатка коркутуу болуп жатат

Текебаевге кол салган кишини айткан депутатка коркутуу болуп жатат

Өмүрбек Текебаевге кол салган кишини атаган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыковага коркутуулар болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева парламентте  саясатчы Текебаевге кол салуу боюнча маалымат угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкованын айткан фактылары Токмок шаарынын мэрине чейин жетип жатат. Ошол себептен анын өмүрүн сакташ үчүн, коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кайтарып берүүңүздөрдү суранатам элем. Анткени, “бандиттерге” каршы чыккан адамды айрымдар оозун бууп чыкканы жатат.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Эркебек  Аширходжаев көзөмөлгө алаарын  убада кылды.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салган кишинин атын атап чыккан. Ал «Токмок шаардык кеңешинин депутаты Анарбек Маликов кол көтөргөн» деп видеону көрсөткөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>