Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкек: Куралдуу кагылышуу боюнча 6 шектүү кармалды
24.12.2021 | 16:02
Борбор калаада бири-бирине ок атышкан окуя боюнча 6 киши кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чыр-чатак ок атуучу курал колдонуудан улам чыккан. Окуя болгон жерди кароо учурунда травматикалык тапанча жана үч патрон, тапанча гильзалар менен табылган.
Учурда “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Шектүүлөрдү улуулары 38, кичүүлөрү 28 жашта. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү жүрүүдө.
Окуяга катыштыгы бар башкалар дагы изделүүдө.
22-декабрь күнү түн ичинде Бишкек шаарынын кайсы бир көчөсүндө 10-15 киши ортосунда мушташтын акыры бири-бирине ок атышуу менен жыйынтыкталган. Ал окуя видео тасмага түшүп калып, ал социалдык тармактарда тараган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат