Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыктан 10 адам жабыркап, бирөө каза болду
02.01.2022 | 09:26
Ош облусунун Кара-Суу районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 645-чакырымында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен Subaru Outback кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, куткаруучулар жабыркагандарды жана спринтердин айдоочусун унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кырсыктын кесепетинен Ош облустук ооруканасына 10 адам жаткырылып, 20 жаштагы жигит каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом