Казакстанда нааразылык акцияларынын натыйжасында 4 миңдей адам кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен Orda.kz басылмасы жазды.
«Эң көп камакка алуу Алматада болду, ал жерде кыйратуучу элементтерди тазалоо боюнча оперативдүү иш-чаралардын жүрүшүндө 100дөн ашык адамдын иш-аракеттерине бөгөт коюлган», — деп айтылат маалыматта.