Нурсултан Назарбаевдин кайда экени белгилүү болду

Нурсултан Назарбаевдин кайда экени белгилүү болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Кытайда. Бул тууралуу саясат таануучу Аркадий Дубнов өз булактарына таянып билдирди.

Ал ошондой эле Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Дубайда камакка алынганын да айтты.

Анын айтымында, миллиардер Кайрат Сатыбалды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошондой эле, Дубновдун айтымында, Нурсултан Назарбаевдин экинчи жээни, Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин генералы жана биринчи орун басары Самат Сатыбалды Абиш дагы кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин казакстандык orda.kz порталы да Самат Абиштин кармалганын жазган. Бирок кийинчерээк алардын маалыматы тастыкталбаганын айтышты. Бул маалыматты Казакстандын улуттук коопсуздук боюнча комитетинин басма сөз кызматы да четке каккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>