Кыргыз-Казак чек арасы: Бир катар өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби өзгөрдү

08.01.2022 | 16:33

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн билдирди.

8-январга карата төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат:

“Чалдыбар-автожол” – “Сыпатай Баатыр-автожол” төмөндөгүдөй чектөөлөр менен;

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары “Чалдыбар-автожол” өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чалдыбар-автожол” өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат; Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына “Чалдыбар-автожол” өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.

“Ак-Жол-автожол” – “Кордай-автожол” төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары “Ак-Жол-автожол” өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Жол-автожол” өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

“Ак-Тилек-автожол” – “Карасу-автожол” төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

Талас облусундагы “Чоң-Капка автожол” – “Айша-Биби-автожол” төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары “Чоң-Капка автожол” өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Чоң-Капка автожол” өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Scroll to Top