Кыргыз-Казак чек арасы: Бир катар өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби өзгөрдү

Кыргыз-Казак чек арасы: Бир катар өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби өзгөрдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби өзгөргөндүгүн билдирди.

8-январга карата төмөндөгү өткөрүү жайлары иштеп жатат:

«Чалдыбар-автожол» — «Сыпатай Баатыр-автожол» төмөндөгүдөй чектөөлөр менен;

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагындагы Кыргыз жарандары «Чалдыбар-автожол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Чалдыбар-автожол» өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат; Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына «Чалдыбар-автожол» өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.

«Ак-Жол-автожол» — «Кордай-автожол» төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары «Ак-Жол-автожол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Ак-Жол-автожол» өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

«Ак-Тилек-автожол» — «Карасу-автожол» төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

Талас облусундагы «Чоң-Капка автожол» — «Айша-Биби-автожол» төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргыз жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду; Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт; Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары «Чоң-Капка автожол» өткөрүү жайы аркылуу кире алышат; Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн Казакстандын жарандары «Чоң-Капка автожол» өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

2022-жылдын 8-январы саат 11:30га карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>