Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Митингден акча алуу үчүн Кыргызстандан Казакстанга барган адамдын өздүгү такталды
09.01.2022 | 13:11
Социалдык тармактар казакстандык ЖМКлар жана казак сегментинин социалдык тармактары тараткан видеодо адамдын ким экенин аныкташкан.
Видеодо ал киши Кыргызстандан Казакстандагы митингге катышууга акча үчүн барганын айтат.
Социалдык тармактарда бул белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экенин жазышууда.
Сейчас.kg Telegram каналы тараган видеодон Викрам Рузахуновду туугандары тааныганын жазды.
«Туугандарынын айтымында, ал кыйноого кабылган, ал кайда кармалып жатканы белгисиз, ага кире алышпайт. Музыканттын жакындары жардам сурап Кыргызстандын компетенттүү органдарына ЖМКлар аркылуу кайрылышууда», — деп жазат Сейчас.kg.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар