Данияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстүТүшүнүксүз жагдай жана ишенимге олуттуу доо кетирүү — КР ТИМи Евробиримдиктин санкциялары тууралуу
Кыргызстанда омикрон штаммы катталды
12.01.2022 | 12:31
Кыргызстанда коронавирустун омикрондук штамы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Алгачкы учурлар Чүй облусунда катталган.
«Улуттук фтизиатрия борбору коронавирустун штаммын аныктоо үчүн иш жүргүздү. Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылгандардын арасынан январь айынын башында үлгүлөр алынган жана алардын экөөсүндө омикрон штаммдары бар экени такталган», – деп айтылат билдирүүдө.
Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетинин 465 жаңы учуру аныкталды. Бул 5 айдан берки жогорку көрсөткүч.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом