«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Россиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди
27.04.2026 | 10:01
27-апрелде Бишкекке Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, россиялык министрди аэропорттон КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо аскерлеринин командачысы Талантбек Талипов тосуп алды.
Сапардын алкагында Белоусов Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышары такталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом