Эртең Бишкекте фонтандар сезону ачылат
2026-жылдын 29-апрелинде, Бишкек шаарынын күнүндө, фонтандар сезону расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы фонтан комплекстерин ишке киргизүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүп жатканы такталды. Атап айтканда, техникалык жабдуулар текшерилип, фонтандардын чаралары тазаланып, ошондой эле системаларга суу толтурулууда.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, эртеңден тарта эле Бишкектин тургундары жана коноктору төмөнкү фонтан комплекстеринин ишине кайрадан суктана алышат:
• Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
• Бишкек мэриясынын имаратынын алдындагы фонтан;
• Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
• Ататүрк сейил багындагы фонтан;
• «Революция үчүн күрөшүүчүлөр» фонтаны;
• Токтогул көчөсүндөгү фонтан.