Данияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдө
Кыргызстандагы Санаториялык-курорттук объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын жетекчиси Данияр Токтотемиров — советтик мурас кантип инвестициялык активге айланып жатканы жөнүндө.

2024-жылы Кесиптик бирликтер федерациясынын санаторийлери менен пансионаттарынын атайын түзүлгөн мамлекеттик дирекциянын башкаруусуна өткөрүлүшү Кыргызстандын санаториялык-курорттук тармагы үчүн бурулуш учур болду. Ал учурда объектилердин жалпы карызы дээрлик 90 млн сомду түзүп, инфратүзүмдүн эскириши 70%га жетип, көптөгөн корпустар авариялык абалда деп табылган. Эки жылдан кийин республиканын санаторий комплекси өзүн-өзү актоого гана чыкпастан, бюджетке 657,6 млн сом киреше алып келди.
Эми Кыргызстан акырындап туризм картасындагы жөнөкөй чекит болуудан чыгып, белгилүү ден соолукту чыңдоочу борборлору менен атаандаша алган толук кандуу wellness-курорт катары тааныла баштады. Бул тууралуу КР туризм тармагын талдап чыккан Atlas аймактарды өнүктүрүүнүн эл аралык бюросунун жаңы изилдөөсүндө айтылат. Өзгөрүүлөрдүн негизги кыймылдаткычы дирекциянын түзүлүшү болгонун Atlas белгилейт.
КР Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишмердүүлүгүн башкаруу боюнча дирекциянын жетекчиси Данияр Токтотемиров Reporter.kg басылмасына берген маегинде легендарлуу «Жети-Өгүз» жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийлеринин реновациясы, Бишкектеги «Достук» жана «Саякат» мейманканаларына 30 млн доллар инвестиция тартуу жана кыргыз курорттору кантип жыл бою иштөөчү жайга айланары тууралуу айтып берди.
90 миллион карыз
— Объектилердин өткөрүлгөнгө чейинки абалы кандай эле жана азыр эмне өзгөрдү?
— Каржылык абал өтө оор болчу. Объектилер учурдагы чыгымдарды да жапчу эмес. Жыл сайын салыктар, коммуналдык кызматтар жана айлык акы боюнча карыздар топтоло берген. Жалпы карыз 87–90 млн сомду түзгөн. Инфратүзүм эскирген, көптөгөн имараттар авариялык абалда болуп, пайдаланууга жараксыз эле. Айрым корпустар буга чейин эле бузулган.
Өткөрүп алгандан кийин биз жетекчилерди алмаштырып, толук кандуу чарбалык ишмердүүлүктү баштап, чыгымдарды оптималдаштырдык. Негизгиси — банкроттук багытты өзгөртүп, объектилерди өзүн-өзү актоого чыгаруу болду. Аудит жүргүзүп, коррупциялык схемаларды жана «өлүк жандарды» жоюп, бухгалтерияны иретке келтирдик. Киреше бөлүгү менен өзүнчө алектенип, ижарачыларды жана инвесторлорду тарта баштадык, санариптештирүүнү киргизип, накталай эсептешүүлөргө толугу менен тыюу салдык. Бул ачык-айкындуулукту камсыз кылды. 2025-жылы эле жогорку салыктарга жана инфратүзүм чыгымдарына карабастан, объектилер өз чыгымдарын жаап баштады.
«Улан» жыл бою иштөөчү спорттук базага айланат
— Ысык-Көлдөгү «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда кандай иштер жүрүп жатат?

— Биз көпчүлүк объектилердин жыл бою иштешин каалайбыз. «Улан» — ошолордун бири. Быйыл биз аны эл аралык стандарттарга жеткирип жатабыз. Жайында балдар лагери, башка мезгилдерде машыгуулар үчүн спорттук база. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Ысык-Көлдүн орто тоолуу шарты спортчуларды даярдоо үчүн эң ылайыктуу. Ал жерде футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары, теннис аянтчалары курулуп бүттү. Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин жана минералдык булагы бар SPA-зонаны пландап жатабыз. Биринчи этап ачылды, ал эми прелдин аягына чейин экинчи этаптын бүтүшү жана көрктөндүрүү иштери жүрөт. Май айына чейин объект толугу менен иштеп баштайт.
«Жети-Өгүз» жана «Арсланбап»: жаңы корпустар жана термалдык суулар
— Чет элдик туристтерди кантип тартууну ойлоп жатасыз, айрыкча туристтердин агымы көп болгон Жети-Өгүз жана Арсланбапка?
— «Жети-Өгүз» санаторийинде иштерди аяктап жатабыз. Жаңы административдик имаратты, жаңы дарылоо корпусун куруп, инфратүзүмүн толугу менен жаңылап жатабыз. Үч маал тамактануу жана дарылоо процедуралары сакталат, медициналык жабдуулар сатылып алынды. Жети-Өгүз — ийне жалбырактуу токойлору бар Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири. Санаторийдин минералдарга жана радонго бай уникалдуу термалдык суулары бар. Климатотерапияны жигердүү колдонобуз. Эс алуучулар жыл бою келе алышат. Ачылышы жакынкы арада болот.

Арсланбап — бул дүйнөдөгү эң ири табигый жаңгак токойлору, бул объектинин негизги өзгөчөлүгү. Ал жерде жана коңшу «Арсланбап-Атада» реконструкция иштерин жүргүзүп жатабыз: A-frame үйлөрүн куруп, тротуарларды, жарыктандырууну жаңылап, инфратүзүмдү модернизациялап жатабыз. Эс алуучулардын агымы өсүүдө.
«Көгүлтүр Ысык-Көл»: киреше эки эсе өстү
— Легендарлуу «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийи боюнча эмне айта аласыз?

— Ал жерде 4 жылдыздуу деңгээлдеги жаңы корпус, 100дөн ашык орундуу мейманкана, курулду. Өткөрүлгөнгө чейин санаторийдин таза пайдасы 30 млн сомдун тегерегинде болчу. 2024-жылы биз аны 62 млн сомго чейин жеткирдик, ал эми 2025-жылдын 9 айында пайда 65 млн сомго жетти. Бул каражаттар инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жумшалууда: корпустар оңдолду, аймагы көрктөндүрүлдү, бассейн реконструкцияланды, ресторан (ижарага берилди) жана амфитеатр курулду. Мунун баары эс алуучулардын саны кыйла өсөрүнө ишеним берет.
«Достук» жана «Саякат»: 30 млн доллар жана акциялардын мамлекетке кайтарылышы
— Борбор калаадагы «Достук» жана «Саякат» мейманканаларын жаңылоо үчүн инвесторлор тартылды. Эмнелер өзгөрөт?

— Бишкекте иштер уланууда. «Саякат» мейманканасына орусиялык ишкана 5 млн доллар, «Достукка» 15 млн доллардан 25 млн долларга чейин инвестиция салууда. Биздин башкарууга өткөнгө чейин бул объектилер ондогон жылдар бою капиталдык оңдоону көргөн эмес. Инженердик тармактар эскирип, имараттардын айрым бөлүктөрү авариялык абалда болчу. Электр тутумдары коопсуздук ченемдерине жооп берчү эмес: эскирген зымдар, жетишсиз кубаттуулук өрт чыгуу коркунучун жараткан. Канализация жана суу түтүктөрү да жаңыланган эмес.
Инвестициялык келишимдердин алкагында электр энергиясын толугу менен модернизациялайбыз, коопсуз жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды орнотобуз, суу менен камсыздоону жана канализацияны заманбап стандарттар боюнча жаңылайбыз. Чатырын, фасаддарын, ички бөлмөлөрүн жана жылытуу тутумун оңдоп жатабыз.
Маанилүү жагдай: «Достук» дирекциянын карамагына өткөндөн кийин жеке акционерге таандык болгон 35,59% акция мамлекетке кайтарылды. Реновация учурунда мейманкана иштебейт. Бирок узак мөөнөттүү ижара келишимин түзгөн инвестор, салымдардан тышкары, ижара акысын жылына 40,8 млн сомду өз убагында төлөөгө милдеттенме алган. 2027-жылдын төртүнчү чейрегинен тарта төлөм эки эсеге, 80,58 млн сомго чейин өсөт, ал эми 2029-жылдын төртүнчү чейрегинен 2049-жылга чейин жылына 100,9 млн сомго чейин жетет. Бул — комплекстин бүткүл тарыхындагы эң кирешелүү жана экономикалык жактан негизделген келишим.
Беседовала Эльвира Сатыбекова