Кыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон аштыСергей Кожемякин: ШКУ өлкөлөрү Ирандын тегерегиндеги кырдаалды көңүл сыртында калтырбашы керек100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды
Дастан Бекешев парламентте жарандарды кабыл алууда
21.01.2022 | 12:13
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев коомдук кабылдамага ылайыктуу бөлмө таппай жаткандыктан, парламентте жарандарды кабыл алууда экенин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Эл өкүлүнө WhatsApp же башка социалдык тармактар аркылуу жолугушууга жазылса болот.
Анын айтымында, ал депутат болуп шайланган борбордун Октябрь районуна коомдук кабылдама ачууну көздөп жатат. Азырынча ижара баасы арзан кеңсе таба элек.
«Кичинекей жайлардын да ижара акысы биз үчүн абдан жогору. Ошондуктан мен азырынча парламенттин дубалдарында кабыл алуу уюштуруп жатам», – деди Бекешев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом