МСК объекттердин видеокамераларына кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча түшүндүрмө бердиБыйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат21-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катышты
Кыргызстандан дары-дармектерди сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды
26.01.2022 | 15:27
Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айга тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Чечим калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылууда олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында кабыл алынды.
Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом