Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
ЖК аппараты айрым депутаттардын аты-жөнүн туура эмес жазып салган
10.02.2022 | 12:57
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов парламент аппаратынын депутаттардын ысымдарын ката жазып жатканын айтып, сынга алды.
“Жогорку Кеңештин аппаратынын жоопкерчилигин карап койбосок болбойт. Кайсы жерде болбосун ката жазып, фамилиябызды ката жазып жатышат. Бул эмне деген эми? Муну бардыгы стенограммага жазылып атат да… Ошол үчүн аппараттын жоопкерчилигин карап коёлучу?!”- деди.
Сулаймановдун алдында эле дагы бир депутат Арсланбек Малиев өзүнүн аты-жөнүн туура эмес жазып койгонун айтып, оңдоп коюуусун өтүнгөн. “Менин атым дагы, атамдын аты дагы туура эмес жазылып калыптыр “Арстанбек Каныбекович” болуп…”- деп маселени көтөрүп чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат