Чүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөтДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирдиКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында 950 аккредитациядан өткөн журналист иштейтСалык кызматы салыктарды эсептик каттоого турган жер боюнча төлөө зарылдыгын эскерттиОштун эски базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс курулат
Акыйкатчы институту камактагы Мирлан Ураимовдон кабар алды
10.02.2022 | 14:12
Кечээ, 9-февралда Акыйкатчы институтунун профилдик бөлүмүнүн кызматкери УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына барып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов менен жолугуп, баарлашкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кармалган жаран УКМКнын кызматкерлери тарабынан ага карата атайылап же катаал мамиле болбогонун, физикалык жана психологиялык жактан эч кандай таасир тийгизбегенин айткан», – деп билдирди басма сөз кызматы.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Ураимовду кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. Ал камакка алынгандан кийин сурактарга катышкан жактоочу менен камсыз болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат