Милиция ооруканада каза болгон аялдын өздүгүн тактоого жардам сурайт

Милиция ооруканада каза болгон аялдын өздүгүн тактоого жардам сурайт

2021-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндөгү үйдүн жанынан тез жардам тобу 75-80 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү аялды Бишкектин Улуттук хирургиялык борборуна алып кетишкен. Аял эсине келбей каза болгон.

Бул фактыны Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы РИИБге каттады.

Белгилери: бою 150-155 см, арык денелүү, мурду түз, бети сүйрү, чачы узун боз, каштары сейрек түз, кулагы жакын.

Өзгөчө белгилери: курсагында 4-5 см тырык бар, көздүн астында оң жагында папиллома бар, үстүнкү жаактагы тиштердин баары жок, астыңкы жаакта оң жакта 1-2 тиши бар, калгандары жок, сол жакта 2-4 тиштери башкалары жок.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү каза болгон аялдын өздүгүн тактоого көмөк көрсөтүүнү өтүнөт. Сүрөттөгү аял тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашса болот: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088- 330 жана 102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>