Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Акыйкатчы институту камактагы Мирлан Ураимовдон кабар алды
10.02.2022 | 14:12
Кечээ, 9-февралда Акыйкатчы институтунун профилдик бөлүмүнүн кызматкери УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына барып, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов менен жолугуп, баарлашкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кармалган жаран УКМКнын кызматкерлери тарабынан ага карата атайылап же катаал мамиле болбогонун, физикалык жана психологиялык жактан эч кандай таасир тийгизбегенин айткан», – деп билдирди басма сөз кызматы.
Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Ураимовду кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок. Ал камакка алынгандан кийин сурактарга катышкан жактоочу менен камсыз болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат